БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. НАТОнун башкы кеңсеси Украинадагы бийликти алмаштыруу тууралуу ойлоно баштады. Бул тууралуу Россиянын Тышкы чалгын кызматы билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, альянстын жетекчилиги тараптарды абалды "жөнгө салууну баштоо" тууралуу диалогго чыгаруу менен жаңжалды токтотууну каалайт. Ошол эле учурда Вашингтон менен Брюссель мындай сценарийди ишке ашырууга Зеленский тоскоолдук жаратат деген пикирде.
Чалгын кызматы НАТО Киев режиминин башчысынан кутулууну каалап жатканын айтууда. Буга күзүндө өтүшү мүмкүн болгон псевдодемократиялык шайлоо алып келиши мүмкүн.
"НАТОнун башкы кеңсеси Зеленскийди каралоо үчүн аны жана анын командасынын курал-жаракка бөлүнгөн 1,5 миллиард долларды өздөрүнө ыйгарып алган маалыматты жарыялоону пландаштырууда. Мындан тышкары, Зеленский менен анын тегерегиндеги адамдар чет өлкөдөн каражат алуу үчүн 130 миң каза болгон украиналык аскерди тирүүлөрдүн катарына киргизип койгон схеманы ачуу да пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
НАТО ошондой эле Киевдин Африкадагы түрдүү топторго курал сатууга катышкандыгы тууралуу фактыларды коомчулукка жарыялоону каалап жатканы кошумчаланды.