Бишкекте масштабдуу кинофорум башталды. Видео

Бишкекте "Евразия-Кинофест жаңырыгы" кинофоруму башталды, ага Россиянын алдыңкы кино чеберлери катышууда.
Sputnik
Кинофорумдун алкагында билим берүү модулдары, мастер-класстар жана белгилүү актёрлор менен жолугушуулар өткөрүлөт. Көрүүчүлөргө "Евразия-Кинофест" фестивалынын мыкты тасмалары көрсөтүлөт. Иш-чара жаш таланттарды колдоого жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө кесипкөй коомчулукту өнүктүрүүгө багытталган.
Кинофорум "Евразия" автономиялык коммерциялык эмес уюмунун колдоосу менен уюштурулган.