Министрлик картошканын экспортуна убактылуу тыюу салууну кароодо

Картошка жыйноо иштери. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Картошканын экспортуна убактылуу тыюу салуу каралууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
"Социалдык мааниге ээ азык-түлүктөргө болгон баанын негизсиз жогорулашын алдын алуу жана бааны туруктуу кармоо максатында картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү маселеси каралып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү азык-түлүк баасына байланыштуу маселелер боюнча кеңешме өткөрүп, азык-түлүктүн наркын тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырган.
Дүкөндөгү сүт бөлүмү. Архив
ЕАЭБ кайсы азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздоого жетишкени айтылды