Кыл калем чебери Залкар Токтогулов бала кезинен сүрөтчүлүк өнөргө арбалган. Өз ишин мыкты өздөштүрүүнү көздөп өлкөдөгү бир нече атайын окуу жайларда билим алган. Кийин окуусун Россияда улантып, атайын буйрутмалардын үстүнөн иштеп колун каныктырып ата мекенине келген. Бишкекте жеке көргөзмөсүн уюштуруп, ошону менен катар эмгектери бир нече чет өлкөлүк көргөзмөлөргө коюлган. Эл аралык айдыңды багындырууну көздөп турган кыл калем чебери алдыдагы пландары, бул өнордүн оош-кыйышы тууралуу айтып берди.