Бишкекте Борбордук Азияда жок таштанды иштетүүчү завод курулат

Sputnik
Учурда борбордо таштандыларды кайра иштетүүчу завод курулууда. Быйыл анын курулушу аяктап, ишке берилери айтылууда. Кытайлык компаниянын инвесторлугу менен салынып жаткан завод мэрия менен түз иштешерин мейманыбыз билдирди. Бишкектин чекесинди таштанды полигону 1979-жылдан бери иштеп келе жатат. Учурда өрт чыгып, түтөп экологияга зыян келтирбеши үчүн кызматкерлер күндүр-түндүр көзөмөлдөп турууга муктаж. Мейманыбыз Марат Алдашкулов заводдун иштеши, борбордогу таштанды маселеси жана полигондогу таштандыларды жок кылуу жаатында иштер, алдыдагы пландар тууралуу ой бөлүштү.