Жаңы Эмгек кодекси жөнөкөйлөштүрүлдү — эң негизги өзгөрүүлөр эмне болду?

Sputnik
Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 18-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Эмгек кодексине кол койду. Кодекс кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын балансына жетишүүгө багытталган. Кодекстин концепциясы боюнча эмнелер өзгөргөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек чөйрөсүндө чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Жазгүл Калмырзаева жана Эмгек министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын директорунун орун басары Тимур Текебаев маалымат беришти.