Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Путин: Освенцим боюнча иш-чараларга Россияны чакырбай коюу — акылга сыйгыс нерсе

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Россияны Освенцимдин бошотулушуна байланыштуу иш-чараларга чакырбай коюу — акылга сыйгыс нерсе. Бул тууралуу Владимир Путин "Москва. Кремль. Путин" программасынын автору Павел Зарубинге "Россия 1" телеканалында берген маегинде билдирди.
Эске салсак, Холокостто курман болгондорду эскерүүнүн эл аралык күнү 27-январда белгиленип келет. 1945-жылы бул күнү Кызыл армия 14 миллион адам каза болгон Освенцим лагерин бошоткон. Кийин анын ордуна музей түптөлгөн. 2025-жылы музей Россия элчилигинин өкүлдөрүн лагердин советтик аскерлер тарабынан бошотулушунун 80 жылдыгына арналган иш-чарага чакырган эмес. Москва бул чечимди Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын бурмалоо боюнча антироссиялык кампаниянын бир бөлүгү деп атады.
Путин Зарубинге берген маегинде "учурда Россиянын саясаты менен азыркы президентине каалагандай мамиле кылса болорун, эч ким "чакыруу берчи" деп жалдырабаганын, бирок ошентсе да уюштуруучулар жогорку маселеде "бир ойлонуп койсо болмоктугун" айтты.
"Освенцимди бошоткондор карып калды, келе албайт дешсе, жок дегенде алардын туугандарын чакырып коюшса болмок. Холокосттогу жүз миңдеген еврейлердин, орустардын жана ошол эле поляктардын кырылышына күнөөлүү Бандераны улуттук баатыр кылып тандап алган адамдарды чакыруу.., бул, албетте, абдан таң калычтуу, бирок бул бүгүнкү күндүн чындыгы", — деген РФ президенти.
Буга чейин Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова өзүнүн Telegram каналында Зеленскийдин Освенцимдеги концлагердин бошотулушунун 80 жылдыгына арналган иш-чарага катышуусун уяткарган. Ал Зеленский Степан Бандеранын, Роман Шухевичтин жана башка нацисттик адамдардын элесин даңазалоо жана түбөлүккө калтыруу үчүн талыкпай кам көрөрүн эске салган.
Миллиондордун өмүрүн алган Освенцим. Тарыхты чагылдырган видео