Кыргызстанда мал экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат мал-жандыкты экспорттоого убактылуу тыюу салынганын билдирди.
Министрликтен маалымдашкандай, чет өлкөлөргө бодо мал, майда жандык жана жылкы экспорттоо 31-январдан баштап токтотулган. Ал эми 31-январга чейин берилген уруксаттар бардык текшерүүлөр аяктап, ченемдик базага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин убактылуу токтотулат. Тыюу алынганда министрлик бул тууралуу кабарлай турганын кошумчалаган.
Мал экспортуна тыюу салуу боюнча суроолор болсо 0312 66 04 06 номерине кайрылууну эскертишти.
Кыргызстанда жаңы "Ала-Тоо" породасындагы койлор сыноодон өткөрүлүүдө