Илон Маск АКШнын Финансы министрлиги террордук топторду каржылаганын ачыктады

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. АКШнын Финансы министрлиги террорчулар менен шылуундардын тобун каржылоого макулдугун берип жүргөнүн америкалык ишкер Илон Маск Х социалдык тармагындагы баракчасында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Ведомствонун АКШ өкмөтүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча командасы (DOGE) Финансы министрлигинин жооптуу өкүлдөрүнө ар дайым, ал тургай шылуундар менен террордук топторду каржылоого болсо дагы макулдугун берип турууга тапшырма берилгендигин аныкташты", — деп билдирген Маск.
Ишкердин айтымында, АКШнын Финансы министрлиги мындай кооптуу уюмдарга каржы бөлүүдөн эч качан баш тарткан эмес.
Буга чейин Дональд Трамп миллиардер Илон Маск менен бизнесмен Вивек Рамасвами мамлекеттик кызматтын майнаптуулугун арттыруу боюнча жаңы депарматентти жетектей турганын айткан. Трамптын айтымына караганда, "бул эки мыкты америкалык" "өкмөттүк бюрократияны жоюу", "ашыкча эрежелерди", "ысырапкорчулукту" кыскартуу жаатында иштешмек. Бирок кийинчерээк Рамасвами DOGEнин жетекчилигинен кеткенин жарыялаган. ABC телеканалынын маалыматына караганда, ал жакында Огайо штатынын губернаторлугуна талапкерлигин коюшу мүмкүн.
Трамп Канада, Мексика жана Кытайга бажы салыгын киргизди. Үч өлкөнүн жообу