ИИМдин атынан фейк маалымат таратууга шектелген киши кармалды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Ички иштер органдарынын жетекчилеринин сүрөттөрүн колдонуп, социалдык тармакка фейк маалымат менен жарнама таратууга шектелген киши кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Жарнамада ИИМдин кибербөлүмү брокерлерден жабыр тарткандарга бир нече күндүн ичинде акчасын кайтарып берүүгө жардам берери айтылган.
1 / 4

Ички иштер органдарынын жетекчилеринин сүрөттөрүн колдонуп, фейк жарнама таратууга шектелген киши кармалды

2 / 4

Жарнамада ИИМдин кибербөлүмү брокерлерден жабыр тарткандарга бир нече күндүн ичинде акчасын кайтарып берүүгө жардам берери айтылган

3 / 4

Шектүү 1-февралда колго түшүрүлгөн

4 / 4

Үйүнөн роутерлер, банк карталары, 90дон ашык сим-карта, сим-бокс табылган

Кечээ, 1-февралда, аталган кылмышка шектелип эки өлкөнүн жараны болуп эсептелген 40 жаштагы киши колго түшкөн. Анын үйүнөн роутерлер, банк карталары, 90дон ашык сим-карта, сим-бокс табылганы айтылды.
Учурда кармалган адамдын уюшкан кылмыштуу топтор менен болгон байланышы, анын ичинде чет өлкөдөн каржыланышы тууралуу маалыматтар жана жабдуулар кайдан алынганы текшерилип жатат.
Бийлик телефон алдамчылары менен кантип күрөшөрүн айтты