Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Абал өтө жаман". Германия Украинадагы кырдаалдан сестенүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Россиялык аскерлер Донбасста алга жылууда, ал эми украиналыктар каршылашына туруштук берүүгө алы жетпей калды. Бул тууралуу немецтик Der Spiegel журналы жазганын РИА Новости кабарлады.
"Фронт (россиялык — ред.) жай болсо да багытынан тайбай ишенимдүү жылууда. Украиналыктар улам бир айылды бошотуп берип жатат", — деп айтылат макалада.
Басылма адатта чабуул жасап келген украиналык батальондор да ушу тапта коргонууга өткөнүн жазган.
"Абал өтө начар", — деп айтып берген редакцияга Дикий каймана аты бар батальон командири.
Буга чейин Донецк Эл Республикасынын башчысынын кеңешчиси Игорь Кималовский россиялык аскерлердин Днепропетровскиге жетерине үч чакырымдай калганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамптын өкүлү: Украинадагы жаңжалды токтотуу дүйнө кызыкчылыгына жооп берет