Милиционерлерден акча опузалоого шектелип чет элдик кишилер кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Милиция кызматкерлерине акча таштап коюп, пара алдың деп коркуткан чет элдик кишилер кармалганын Чүй ОИИБинен билдиришти.
Окуя кечээ, 1-февралда, Военно-Антоновка айылында болгон. Чүй облустук ЖКККББнын эки кызматкери иш учурунда Mercedes-Benz унаасын токтотуп текшере келгенде айдоочунун күбөлүгү жок болуп чыккан. Унаада чет элдик эки киши болгону айтылат.
"Транспортту эвакуациялап жатканда чет элдик эки киши милиция сержантынын чөнтөгүнө 6 миң сом сала коюп, видеого тартып алышкан. Андан кийин видеону соцтармакка жарыялайм деп 2 500 доллар талап кыла башташкан", — деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында милиционерлерди коркуткан 41 жана 35 жаштагы кишилер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
УКМК: Чүйдө майыптарды коркутуп, жерлерди жасалма каттатып жүргөндөр кармалды