Окуучулар таштанды челектен таап алган ымыркай чарчап калды

Жарыкка келген ымыркай. Иллюстративдик сүрөт
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкекте окуучулар таштанды челектен таап алган ымыркай чарчап калганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, окуя 29-январда болгон. Ленин РИИБи наристе Интергельпо көчөсүндөгү таштанды челектен табылганын маалымдаган.
Айына жетпей төрөлгөн кыз бала Шаардык балдар ооруканасына өтө оор абалда жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан болчу.
Укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, баланын энесин издөөгө алышкан.
Кыз. Иллюстративдик сүрөт
Баткен милициясы: мечитке баласын 16 жаштагы кыз таштап кеткен