Күн ачык болот. Бир аптага аба ырайынын божомолу

Паркта сейилдеп жүргөн адамдар. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Алдыдагы жумада өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. 2-3-февралда түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге, 4-февралдан баштап шамалдын багыты өзгөрүлүп 1-6 метрге жетет.

Чүй, Талас

Бул жумада күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, жолдор тоңуп, тайгак болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Апта ичинде жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрбөйт. Шамалдын багыты алмашып, жолдор тоңуп, тайгак болот.

Ысык-Көл, Нарын

Алдыдагы жети күндө бул эки облуста жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көлдө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Караколдогу лыжа базасы. Архив
Караколдогу лыжа базада асма жолдун тирөөчү кулап түштү