3-февралга карата аба ырайы

3-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. 3-февраль, дүйшөмбүдө, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +2...+7, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көлдө +1...+6, Нарын өрөөнүндө -4...+1 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +4…+6, Ош шаарында +8...+10 градусту көрсөтөт.
Күн ачык болот. Бир аптага аба ырайынын божомолу