Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский: АКШ, Украина жана россиялыктар болуп сүйлөшүүнү баштасак дейм

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трампка жолуккандан кийин Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо ниетин билдирди. Бул тууралуу ал AP агенттигине маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин россиялыктар менен талкуунун кайсы бир форматына өтүү керек. Мен АКШ, Украина жана россиялыктар болуп сүйлөшүүгө отуруубузду каалайт элем", — деген Зеленский.
Киев режиминин башчысы Киев Ак үй менен байланышта экенин, бирок сүйлөшүүлөр жалпы мүнөздө өтүп жатканын билдирип, конкреттүү макулдашууларды иштеп чыгуу үчүн жакын арада жолугушуулар өтөрүнө ишеним арткан.
Ошол эле учурда Зеленский АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлогдун Киевге сапары "юридикалык себептерден улам" жылдырылганын айтты.
Украина жетекчиси Батыш мамлекеттеринин Киевге тынчтык орнотуучуларды жөнөтүү сунушу жетиштүү деңгээлде коопсуздук кепилдиги болуп бере албайт деген пикирде.
Буга чейин Трамп Россия менен Украина жаңжалын токтотууну талкуулоого катуу киришкенин билдирген. Ал Владимир Путин менен сүйлөшүп, кандайдыр бир олуттуу чечимге келүүнү убадалаган.
Мындан тышкары, АКШ лидери киев режиминин башчысы макулдашууга даяр экенин белгилеп, бирок кандай шартта макул болорун ачыктаган эмес.
Эскерте кетке, РФ лидери Владимир Путин Украинадагы абалды жөнгө салуу аракеттери узак убакытка тынчтык орнотуу максатын көздөшү керектигин белгилеген. Анын айтымында, Москва мындан ары да Россия элинин кызыкчылыгын коргоону улантат, атайын операциянын мааниси да ушунда.
Өлкө башчы эгер компромисстик чечимге келүү каалоосу болсо, сүйлөшүүлөрдү ким менен болсо да жүргүзө берүүгө болорун билдирген. РФ лидеринин айтымында, маселе акыркы документтерге кол коюуда жатат: учурда мөөнөтү аяктагандыктан Зеленскийдин документтерге кол коюуга укугу жок.
Путин Киевди сүйлөшүүлөргө тыюу салуу боюнча жарлыкты жокко чыгара турган ыкма табууга чакырган. Муну, РФ лидеринин айтымында, Раданын төрагасы жасай алат. Ал эми Зеленский сүйлөшүүлөргө катышууну кааласа, Путин бул үчүн атайын адамдарды бөлүп бермекчи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамптын өкүлү: Украинадагы жаңжалды токтотуу дүйнө кызыкчылыгына жооп берет