УКМК: Чүйдө майыптарды коркутуп, жерлерди жасалма каттатып жүргөндөр кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Чүйдө майыптарды коркутуп, жерлерди жасалма жол менен каттатып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Садовое айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Д.М.Т., Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы А.А.К. жана прокуратуранын мурдагы кызматкери У.Р.М. аттуу жарандар жер сатуу боюнча кылмыштуу схема уюштурган.

“Шектүүлөр Садовое айылында турак жай салууга арналган жер тилкелерин сатуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган. Алар муктаждардын кезегин жылдырып, жер комиссиясынын отурумдарынын протоколдорун өзгөртүп, тиешелүү адистердин кол тамгаларын жасалмалашкан. Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коркутуп, алардын аттарына жер тилкелерин жасалма негизде каттаган”, — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча “Коррупция” жана “Документтерди жасалмалоо” беренелери боюнча иш козголуп, шектүүлөр камакка алынганы кошумчаланды.
АКШдан курал алып Кыргызстан аркылуу Россияга сатып жүргөн топтун мүчөсү кармалды