Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамптын өкүлү: Украинадагы жаңжалды токтотуу дүйнө кызыкчылыгына жооп берет

Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Украинадагы жаңжалды токтотуу бүткүл дүйнөнүн, анын ичинде АКШнын кызыкчылыгына туура келерин Америка президентинин Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча атайын өкүлү Кит Келлог билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал Fox News телеканалына берген маегинде Трамп Россия менен Украина үчүн сүйлөшүүлөргө шарт түзөрүн, бирок чоо-жайын азыр айтпай турганын белгиледи.
Ошондой эле Келлог атышууну токтотууга жана тынчтыкка жылдап эмес, айларда жетишүү мүмкүн экенин кошумчалаган.
“Жаңжалды токтото алсак дүйнө үчүн, анын ичинде АКШ үчүн да жакшы болот”, — деген Келлог.
Буга чейин Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин ыкчам жыйынында Украинадагы абалды жөнгө салуу кыска убакытка элдешүүнү эмес, тынчтык орнотууну көздөшү керектигин билдирген. Ошондой эле Украинада тынчтык орнотуу аймакта жашаган адамдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын сыйлоого негизделиши керектигин белгилеген.
Өз кезегинде АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча келишим түзүүгө даяр экенин айтып, бирок кандай шарттарда экенин ачыктаган эмес. Трамп Путин менен сүйлөшүү “жакында” болушу мүмкүн экенин белгилеген.
Украина ЖМКларынын 90%ы АКШнын каржысынан көз каранды