Радио

Алиев: Салык кызматындагы өзгөрүүлөр текшерүүнүн сапатын жакшыртат

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев өзгөрүүлөр алдында көптөгөн талдоо иштери жүргөнүн айтты.
Sputnik
Мамлекеттик салык кызматынын "жазалоочу түзүмүнүн" жоюлуусу мекеменин ишин жакшыртат. Бул тууралуу Бекболот Алиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аймактардагы кызматкерлер жергиликтүү салык төлөөчүлөрдү жакшы билет жана ыкчам чечим кабыл ала алышат.
"Алмамбет Шыкмаматов бир нече чечимди кабыл алды. Анын алкагында борбордук аппараттын жана аймактык салык органдарынын түзүмү жана функциясы өзгөртүлдү. Мындай чечим ишкерлер, эксперттер жана салык кызматкерлери менен талдоо жүргүзүлүп, анан кабыл алынды. Натыйжада борбордук аппараттын текшерүү функциясы жоюлуп, бул укук аймактык салык органдарына өткөрүлдү. Жакшы жактарын айтсам, аймактардагы кызматкерлерде ар бир субъект тууралуу көбүрөөк маалымат бар. Ошондуктан ыкчам чечимдерди кабыл ала алышат жана салык төлөөчүдө чочулоо, түшүнбөстүк аз болот. Кызматкерлерди борбордук аппарат көзөмөлдөп турат. Бул текшерүүнүн сапатын эки эсе жогорулатат деген ойдобуз", — деди Алиев.
Ал ошондой эле бул чечим өлкө казынасына түшүп жаткан салыктын көлөмүн азайтпайт деген пикирин билдирди.