Азербайжан — Кыргыз өнүктүрүү фонду ГЭС менен тигүү цехин курууга каражат бөлөт

Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Азербайжан — Кыргыз өнүктүрүү фонду ГЭС менен тигүү цехин курууга каражат бөлөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Азербайжан — Кыргыз өнүктүрүү фондунун жыйынына катышты. Анда эки долбоорду каржылоо макулдашылды.
Алар:
9 мВт кубаттуулуктагы чакан ГЭС;
300 иш ордун түзө турган заманбап тигүү фабрикасы.
Мындан тышкары, көп функционалдуу борбордун курулушун каржылоо концепциясы бекитилди.
Эске салсак, аталган фонддун уставдык капиталы 100 млн. долларга жеткен.
Иран, перс булуңундагы өлкөлөр менен өнүктүрүү фонддорун түзүү каралууда