БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Өлкөдө азык-түлүктүн бааларын көзөмөлдөө боюнча атайын ыкчам штабдар түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү азык-түлүктүн бааларына байланышкан маселелер боюнча жыйын өткөргөн. Ага тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана аймактардагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары видеоконференция аркылуу катышкан.
Жыйында Төрөбаев өлкөдө азык-түлүк кору жетиштүү болгонун, ошондуктан бааларды себепсиз көтөргөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскертти.
Азык-түлүк бааларын дыкат көзөмөлгө алуу Экономика жана коммерция министрлигине, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына, жергиликтүү бийликтерге тапшырылды. Эми бул мамлекеттик органдар аймактарда азык-түлүктүн баасын көзөмөлдөө боюнча атайын ыкчам штабдарды түзүп, иштин жүрүшү боюнча президенттик администрацияга отчет беришет.