БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Филадельфияда (АКШ) чакан учак турак үйлөргө кулаганын CBS телеканалы жазды.
Кеп медициналык Lear 55 учагы тууралуу болууда. Учак аба майдандан көтөрүлгөндөн кийин эле кырсыктаган. Ичинде алты адам, тагыраагы, эки пилот, эки дарыгер, оорулуу бала жана анын тууганы болгон.
Бир нече үй өрттөнүп, газ түтүгү жабыркап, өрттүн күчөшүн шарттаган. Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Жүргүнчүлөр менен жашоочулардын абалы тууралуу да айтыла элек. Fox News телеканалынын айтымында, кырсык учактагы кычкылтек баллондорунан улам болушу мүмкүн.
Буга чейин Вашингтон аэропортунун жанында эл ташыган учак аскердик тик учак менен кагышып, дарыяга кулап түшкөн. Кулаган учактын ичинде 60 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Алардын бири да тирүү калган эмес. Жүргүнчүлөрдүн арасында көркөм муз тебүү боюнча дүйнөнүн 1994-жылдагы чемпиондору Евгения Шишкова менен Вадим Наумов болгон.