БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкек шаарына Түркиядагы автобустардын акыркы партиясы келди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-январда Isuzu үлгүсүндөгү 25 автобус келген.
“Жалпы 12 метрлик, газ менен жүрүүчү 85 автобус алып келинди. Транспорт 85 жүргүнчүгө эсептелип, анда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустар, боюнда барлар жана улгайгандар үчүн орундар бар. Ошондой эле кондиционер, видеокөзөмөл жана телефон кубаттагычтар менен жабдылган”, — деп айтылат маалыматта.
Мэрия аларга мамлекеттик номерлер алынып, маршруттук схемалар бекитилгенден кийин каттамга чыга баштаарын кошумчалады.