Кремлде орус романстары жаңырат

Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Кыргызстандыктар Мамлекеттик Кремль сарайында өтө турган “Романсиада жылдыздары” аттуу концертке катыша турганын Россотрудничество билдирди.
Иш-чара быйыл 12-ирет өтмөкчү. Анда элге музыкалык-мультимедиалык спектакль тартууланат.
Уюштуруучулардын айтымында, орус романсынын классикасы Третьяков галереясынын жана Орус музейинин коллекциясындагы живопистин шедеврлери менен айкалышат. “Өлбөс музыка” менен живопись бири-бирин толуктап, аларды эң мыкты романс аткаруучулары жандантышмакчы.
Концертке Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Болгария, Польша, Эквадор, Кытай, Түштүк Корея, Өзбекстан, Франция, Азербайжан жана Түндүк Македония өлкөлөрүнүн артисттери катышат.
Бишкекте өткөн VIII "Борбор Азия романстарынын" жеңүүчүлөрү аныкталды