АЛМАТЫ, 31-янв. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндө өткөн жылдын үчүнчү кварталында жумушсуздуктун деңгээли соңку 10 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге жетип, 2,9 пайызды түздү. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев билдирди.
Ал белгилегендей, өлкөлөр тарабынан көрүлгөн чаралар жумушсуздуктун кыскарышына жана эмгек акынын өсүшүнө өбөлгө болду.
"Экинчи жыл катары менен мүчө мамлекеттердин экономикалык өсүү темпи дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн ашты. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы ИДПсы төрт пайызга өстү. Ички суроо-талаптын өсүшүнүн шартында чекене товар жүгүртүү 7,7 пайызга жогорулаган. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы улуттук валютадагы эсептешүү өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгынын маалыматы боюнча 92,3 пайызды түздү", — деди ЕЭК башчысы.
Ал Алматыда өтүп жаткан ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууда.