USAID каржылаган украиналык уюмдар ишин токтотту

Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын тышкы жардам программаларын токтотуу боюнча жарлыктарынан кийин америкалык гранттардын эсебинен жашаган украин уюмдары USAID агенттигинен бардык долбоорлорду токтотуу талабы айтылган каттарды алышкан. Бул тууралуу Kyiv Independent басылмасынын башкы редактору Ольга Руденко билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, каттарда "ишмердүүлүктү токтотуу" жана "жаңы чыгымдарга жол бербөө" талаптары камтылып, украин долбоорлорун каржылоо бир түндө токтоп, эсептеги каражат тоңдурулган.
Эскерте кетсек, буга чейин Ак үй Трамп башка мамлекеттерге жардам көрсөтүүнү 90 күнгө токтотуу боюнча жарлыкка кол койгонун кабарлаган. Мындай чара программалардын АКШнын кызыкчылыгына канчалык туура келерин талдоо үчүн көрүлмөкчү.
Британиянын The Guardian басылмасы Трамптын чечими Украина үчүн күтүүсүз болгонун, бир катар долбоорлор бир заматта токтоп калганын жазган. Гезиттин маалыматы боюнча, Вашингтон Киев режиминин маанилүү деген долбоорлорду каржылоону улантуу боюнча өтүнүчүн четке каккан.
Трамп чет өлкөлөргө жардамын токтотту. USAID каржылаган уюмдар эмне болот?