АЛМАТЫ, 31-янв. — Sputnik. Россиянын 300 спутниги ЕАЭБ аймагын интернет менен камсыздайт. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Digital Almaty форумунун пленардык жыйынында билдирди.
Анын кебинин урунттуу учурлары:
Россия бүт өлкөнү, анын ичинде Арктиканы ылдам интернет менен камсыздоого шарт түзүү үчүн 2026-жылы төрт спутник учурат;
РФ тиричиликте колдонулган дрондорду көп чыгара баштайт;
Россияда маалыматтарды талдаган коммерциялык борборлордун кубаттуулугу эки эсе өсүп, жүктөм 90 пайызга жетти;
былтыр РФте санариптик платформа жана маркетплейстердин рыногу 40 пайызга өстү;
2030-жылга чейин Россиядагы ишканалардын 80 пайызы жергиликтүү программалык камсыздоого өтүшү керек. Учурда өлкөдөгү дата-борборлордун жарымынан көбүнүн сервери жергиликтүү өндүрүш болуп эсептелет.
"Биз микроэлектроника өндүрүшүн кеңейтүү, кванттык компьютердин кубаттуулугун жогорулатуу жана кванттык тармактардын узундугун арттыруу сыяктуу стратегиялык максаттарды алдыбызга коюп жатабыз", – деди Мишустин.