Мишустин дүйнөдө келишкис технологиялык жарыш жүрүп жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Дүйнөлүк түзүлүштүн негизин аныктай турган келишкис технологиялык жарыш жүрүп жатат. Бул тууралуу Digital Almaty санарип форумунда Россия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин билдирди.
Анын айтымында, глобалдык санариптик архитектураны түзүүдө карама-каршылыктар барган сайын күчөп, санариптик теңсиздикти жоюу жана этикалык маселелер боюнча ар кандай көз караштар пайда болууда.
"Санариптик "булут" программа, платформа, алгоритм жана нейротармактарсыз келечекти элестетүү мүмкүн эмес. Булардын баары боюнча өз технологияларын иштеп чыккан мамлекеттер гана динамикалуу өнүгө алат. Башкалардын технологиясынан көз карандысыз болуу өтө маанилүү. Россия бул багытта олуттуу иш алып барууда жана тажрыйба менен бөлүшүүгө даярбыз", — деди Мишустин.
Ал Россияда аталган индустрияда бир миллионго чукул адам эмгектенерин кошумчалады.
Кыргызстан жакында жасалма интеллект боюнча улуттук стратегияны бекитет