Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

"Согушта кандаш болушкан". РФ Коргоо министрлиги атайын долбоор баштады. Видео

Sputnik
Россиянын Коргоо министрлиги советтик республикалар: Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Литва, Тажикстан, Өзбекстандан чыккан жоокерлердин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке кошкон салымы тууралуу "Согушта кандаш болушкан" деп аталган атайын долбоорун баштады.
Долбоор ведомствонун архивдик документтеринин, Кызыл армиянын Башкы саясий башкармалыгынын директиваларынын, фронттон алынган маалыматтар, советтик жоокерлерди сыйлоо боюнча документтердин негизинде түзүлгөн.
Булардын көбү буга чейин жашыруун эле.
Долбоор Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган.