Кызыл армияга багынып берген генерал-фельдмаршал Фридрих Паулюс. Видео

1943-жылы 31-январда Сталинграддын алдында Вермахттын 6-армиясын жетектеген генерал-фельдмаршал Фридрих Паулюс туткунга түшүп берген.
Sputnik
"Барбаросса" (СССРге кол салуу планы – ред.) планынын башкы авторлорунун бири советтик аскерлердин колуна түшөрдөн бир күн мурда Вермахттын жогорку сыйлыгын алган. Сыйлык менен кошо келген катта: "Буга чейин бир да генерел-фельдмаршал туткундалган эмес" деп жазылган. Паулюстан өз өмүрүнө кол салууну талап кылышкан.
Немецтик бөлүктөр советтик армиянын "Уран" операциясына туруштук бере алган эмес. Азык-түлүксүз, ок-дарысыз, күйүүчү май жана дары-дармексиз калган жоокерлер менен офицерлер 30 градустук суукка чыдабай калган эле.
Сталинграддын талкаланган универмагынын жер төлөсүндөгү штабында отуруп фельдмаршал улам-улам Гитлерге багынып берүүнү суранган өтүнүч менен радиограмма жөнөтүп, бардыгына "жок" деп жооп алып турган.