АЛМАТЫ, 31-янв. — Sputnik. Алматы шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге жана чечимдерге кол коюлду.
Тизме:
ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде уюштурулган баалуу кагаздарды илгерилетүүгө жана жайгаштырууга транс чек аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашуу;
"Евразия экономикалык биримдигинде товарлардын электрондук соодасы жөнүндө" буйрук;
"Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2025-жылдын 14-январындагы 7-чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим;
"Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердеги макроэкономикалык кырдаалдар жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштар жөнүндө" буйрук;
"Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин күн тартибинин 2-пунктуна 26-август, 2022-ж. 20-графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" буйрук;
"Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөсүнүн талапкерлигин Жогорку Евразия экономикалык кеңешине сунуштоо жөнүндө" буйрук;
"Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" буйрук.