Кышкы Азия оюндары-2024: Хоккей боюнча кураманын даярдыгы кандай?

Sputnik
Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы Кытайда өтө турчу Кышкы Азия оюндарына даярдыкты жогорку деңгээлде өткөрүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Хоккей боюнча федерациясынын биринчи вице-президенти Элзар Болотбеков айтты. Турнир 3-14-февралда Харбин шаарында өтөт. Кыргызстан В тайпасында Кувейт, Бахрейн жана Сингапур курамалары менен ойнойт.
Хоккейчилердин даярдыгы тууралуу “Спортбокс” программасында сөз болду.