Кыргызстанда кайра калыбына келтирүүчү энергия булактары жаатында 2020-жылдан бери көп иштер аткарылып, жылыштар байкалып жатат. Бирок коңшуларга салыштырмалуу биз бул темага кеч кайрылдык. Учурда жер-жерлерде күн станцияларын курууга бел байланып жатат. Ал үчүн инвесторлор да келип жатканын мейманыбыз Кундус Кырбашева билдирди.
Жашыл энергетиканы өнүктүрүү саясатына кандай көңүл бурулуп жатат, инвестордук портфель, тармакты санариптештирүү, жашыл энергетиканы өндүрүүнүн көлөмүн өстүрүү жаатында бир катар суроолорду берип “АчыкКеп” программасынын алкагында мейманыбыздан жооп ала алдык.