“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы жаңы жыл алдында жыл сайын план түзөт. Анда ар бир ай, квартал сайын кандай иштер аткарылары жазылат. Жасала турган жумуштарга Бишек шардык мэриядан жылына 625 милиондун тегерегиндеги каражат бөлүнөт. 832 гектар жерде өскөн бак-дарактарга, жашыл аймактарга кам көрүү жана гүлдөр кайтарылат. Эң башкы планыбыз республика боюнча 15 миң бак-дарактарды отургузуу. Анда жазгы, ийне жалбырактуу бактар бак-дарактар тигилет. Шаарда карыган бактар кыйылып, орду толтурулууда.
Ал эми сууну жеткирүүдө “тамчылатып сугаруу” системасына өтүп жатканы тууралуу “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын Маркетинг, сатуу жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жумалиев айтып берди.