Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин кызматкерлери тарабынан айыл чарба малдарынын жана үй канаттууларынын санагы жүрүп жатат. Азыркы учурда Министрликтин кызматкерлери Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Баткен облустарына малдарды эсептөө боюнча контролдук иш чараларды өткөрүүдө. Анын жыйынтыгы февралдын аягына чейин чыгарылат.
Санактын максаты тууралуу Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин директору Мыктыбек Каландаров айтып берди.