БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. 1-февраль, ишембиде, республиканын айрым аймактарында кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө -1...+4, Талас аймагында -2...+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көлдө -3...+2, Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада 0…+2, Ош шаарында +2...+4 градусту көрсөтөт.