Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

ЖККУда 2025-жыл "Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы" ураанынын алдында өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. ЖККУ 2025-жылы жамааттык коопсуздук системасын күчтөнтүү жаатында иш жүргүзүп, курал-жарак менен техниканын жаңы үлгүлөрүн өздөштүрүүнү максат кылат. Бул тууралуу уюмдун биргелешкен штабынын жетекчиси Андрей Сердюков брифинг учурунда билдирди.
Ал жогорудагы максаттарды ишке ашыруу үчүн базалык окуу-методикалык жана илимий изилдөөчү уюмдардын илимий потенциалы пайдаланыла турганын белгилеген.
Сердюков быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кыларын эске салып, жыл "Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы" ураанынын алдында өтөрүн айтты. Штаб жетекчиси бул контекстте Астанада кабыл алынган иш-чаралардын планын аткаруу башкы маселе экенин кошумчалаган.
"2025-жылы да мамлекет башчылары койгон милдеттердин баарын аткарабыз деп ишенем", — деди Сердюков.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Путин: Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралар Россия үчүн чоң мааниге ээ