БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Дары-дармек ташып келүүдө атаандаштык керектигин турмуш көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта өлкөдө дары-дармек маселеси курч бойдон калууда.
"Бийлик калкты арзан жана жеткиликтүү дары менен камсыз кылуу максатында "Кыргызфармация" ишканасын түзгөн. Бирок аталган компания монополист катары иш алып барып, дары-дармекке болгон муктаждыкты толук камсыздоодо кыйынчылыктарга туш болууда", — деди Шакиев.
Ошондой эле ал учурда керектүү дарылардын баасы кескин өсүп жатканын айтып, чечим катары атаандаштыкты күчөтүү зарыл экенин белгиледи.
"Кыргызфармация" компаниясынан тышкары башка ишканаларга да атаандаштык негизинде дары-дармек ташып келүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек. Баары бир сырттан келген дарылар мамлекеттик лабораториялар тарабынан көзөмөлдөнөт. Эгер башка компанияларга уруксат берилбесе, жалгыз мамлекеттик компания элдин муктаждыгын жетиштүү деңгээлде камсыз кыла албасын турмуш көрсөттү", — деди ал.
Төрага КНСти алып салууга карабастан дары-дармек дагы деле кымбат болуп жатканын кошумчалады.