Жашаган жерден каттоодон чыкканда турак жайды камсыздандыруу полиси керек болобу?

Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Жашаган жеринен каттоодон чыгып-кирүүдө турак жайды камсыздандыруу полисин талап кылуу сунушталды. Тиешелүү токтом долбоорун Санариптик өнүктүрүү министрлиги иштеп чыкты.
Бул жарандарды турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандырууга стимулдаштыруу максатында жасалганы белгиленди.
"Жарандардан жашаган же барган жери боюнча каттоого турганда жана андан чыкканда, ошондой эле маалым каттарды (жашаган жеринен, үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө ж.б.) берүүдө турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) милдеттүү түрдө талап кылынат", — деп айтылган токтом долбоорунун негиздемесинде.
Радио
Абдыжалиев: мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын кирешеси 4 эсе өстү