БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстанда ЖККУнун "Рубеж — 2025" машыгуусун өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу уюмдун биргелешкен штабынын башчысы Андрей Сердюков брифингде билдирди.
Иш-чараларды октябрь айынын биринчи жарымында өткөрүү мерчемделүүдө.
Сердюков белгилегендей, октябрь айына чейин Тажикстанда тынчтыкты сактоочу күчтөр менен биргеликте "Бузулбас боордоштук – 2025" машыгуусу өтөт. Мындан тышкары, "Барьер — 2025" аттуу радиациялык, химиялык, биологиялык коргоону жана медициналык камсыздоону биргелешип түзүү боюнча атайын окутуу уюштурулмакчы.
"Сентябрь айында Беларуста жамааттык күчтөр менен "Кызматташуу — 2025", "Издөө — 2025", "Эшелон — 2025" материалдык-техникалык камсыздоо машыгууларын өткөрүү пландалууда", — деди Сердюков.
Ал кошумчалагандай, Тажикстандагы КМШ өлкөлөрүнүн антитеррордук жана "Бузулбас боордоштук — 2025" машыгуулары биргелешкен окутуулардын маанилүү аспекти болуп саналат. Бул иш-чаралар терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдө аймактык уюмдардын өз ара кызматташуусун камсыздоого багытталган келишимдерге ылайык өткөрүлөт.
Биргелешкен машыгууларга даярдык көрүү боюнча маселелер мамлекеттер аралык штабдык сүйлөшүүлөрдө жана жумушчу жолугушууларда макулдашылат.