АЛМАТЫ, 30-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен кезикти.
Жолугушуу Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өткөн.
"Казакстан — биздин жакын коңшубуз, боордош мамлекет жана негизги соода өнөктөшүбүз. 2024-жылы кыргыз-казак мамилелеринде бир катар маанилүү окуялар болуп, эки тараптуу мамилелер өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлдү. Мындан ары да кызматташтыкты жана мамилени өнүктүрүүгө күч-аракетибизди жумшайбыз деп ишенем", — деген Касымалиев.
Ал эми Олжас Бектенов Касымалиевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди бекемдөөгө умтуларын билдирген.