БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Транспорт каражатын онлайн кайра каттоо кызматы ишке кирди. Бул тууралуу "Унаа" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кайра каттоо "Түндүк" тиркемеси аркылуу жасалат. Ал үчүн:
"Унаа" мекемесинин каалаган аймактык бөлүмүнөн кароодон өтүү керек;
айып пулдардын жок экенин текшертип, болсо баарын төлөө;
эгер турмушта же үйлөнгөн болсо жолдошу/жубайынын уруксатын алуу;
автоунаанын камакта эмес экенин текшерүү керек.
Буга чейин кызматты пайдалануу үчүн жарандар Face ID бетти таануу технологиясы аркылуу идентификациядан өтүшү керектиги кабарланган.