"Эркектердин өкмөтү". Талиева минкабда гендердик баланс сакталбаганына ачууланды

Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Билим берүү министрин дагы иштен алып, "эркектердин өкмөтү" деп жазып алгыла. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламентте Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигине Азамат Жамангуловдун талапкерлиги каралып жатканда айтты.
Ал парламент "нотариуска" айланып калганын белгилеп, өкмөттүн курамындагы гендердик балансты сынга алды. Талиева санариптик өнүктүрүү министри Нурайым Кутнаеванын ордуна эркек киши көрсөтүлүп жатканын жүйө кылып, буга чейин дагы аялдар өкмөттөн тез эле кетип жатканын белгиледи.
"Эмне үчүн өкмөттөн аялдар бат-баттан иштен алынууда. Жылдыз (Полотова) айым дагы Социалдык өнүктүрүү министрлигинен жүйөсү, себеби жок алынды. Эми Нурия (Кутнаева) айым дагы... Себебин билишибиз керек да, эмнеге кетти? Иштей албай койдубу? Минкабда гендердик баланс сакталбай жатканын буга чейин да айттым эле. Билим берүү министрин кетирип койгулачы. Ал деле кетсин. Анда такыр эркектердин өкмөтү деп "жаңгак үйүңөргө" жазып алгыла", — деди Талиева.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары Азамат Жамангуловдун Санариптик өнүктүрүү министрлигин жетектөөсүнө макул болду.
ЖК төрагасы: дары-дармек ташып келүүдө атаандаштык керектигин турмуш көрсөттү