Мончо, унаа жуугуч, бассейн иштеткендер үчүн суунун тарифин көтөрүү каралууда

Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бишкекте профилдүү мекемеге мончо, бассейн, автоунаа жуучу жайлар үчүн суу жана канализацияга жогорулатылган тариф коюу укугун берүү суншталды. Тиешелүү токтом долбоорун шаардык мэрия иштеп чыгып, коомдук талкууга жайгаштырды.
Маалыматка ылайык, учурда ичүүчү сууну жеткирүү наркы тарифтен 1,5 эсеге кымбат. Ошол эле учурда таза суу жеткирүү жана саркынды суу системалары эскирип, жаңыртууну талап кылары, ага каражат керектиги айтылган.
"Ушул эле учурда айрым керектөөчүлөр (автоунаа жуучу жай, бассейн, мончо, сауна, тазартылган суу түтүк сууларын сатуу ж.б.) сууну сырьё катары пайдаланышат. Аларга юридикалык жактарга белгиленген тариф колдонулат. Бирок бул категориядагы ишкерлер башкаларга салыштырганда сууну көп колдонушат", — деп жазылган токтом долбоорунун негиздемесинде.
Мындан улам тийиштүү мекемеге аталган топтогу ишкерлер үчүн тарифтерди түзүүдө жогорулатылган коэффициент белгилөө укугун берүү каралган. Бул өз кезегинде аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн тарифти мурдагыдай сактап калууга өбөлгө болору кошумчаланды.
Бишкек мэриясы жылуулук үчүн төлөмдөр эмнеге жогору болуп жатканын түшүндүрдү