Бишкекте Циндао институту сунуштаган катализатор сыналууда

Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы кытайлык Циндао институту сунуштаган катализаторду сынай баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Эксперимент үчүн катализаторлор шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, блогерлер Максим Золотых жана Айбек Эркинбек уулунун унааларына орнотулду. Экологдор алгач булардын транспортунан чыккан газды текшерип алышкан, эми катализатордун таасири сыналат.
1 / 4

Бишкек мэриясы кытайлык Циндао институту сунуштаган катализаторду сынай баштады

2 / 4

Эксперимент үчүн катализаторлор шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов, блогерлер Максим Золотых жана Айбек Эркинбек уулунун унааларына орнотулду

3 / 4

Экологдор алгач булардын транспортунан чыккан газды текшерип алышкан, эми катализатордун таасири сыналат

4 / 4

Буга чейин Бишкектеги ышты жоюу үчүн унаалардын катализаторлорун жапырт алмаштыруу каралып жатканы айтылган

Буга чейин Бишкектеги ышты жоюу үчүн унаалардын катализаторлорун жапырт алмаштыруу каралып жатканы айтылган. Алар Кытайдан алынып, баасы 4,8 миң сомдон 6,9 миң сомго чейин болору маалымдалган болчу.
Жогорку Кеңештин депутаттары ыш менен күрөш чабал жүрүп жатканын сынга алышты