АЛМАТЫ, 30-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ЕАЭБдин жыйынына катышуу үчүн Алматыга барды.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
Ал уюмдун өкмөттөр аралык жыйынына катышат. Жолугушууда макроэкономикалык абал, интеграцияны өнүктүрүү жана жергиликтүү долбоорлор талкууланат. Алар ошондой эле Digital Almaty санарип форумуна катышмакчы.
Мындан тышкары, Касымалиев Казакстан жана Беларустун премьер-министрлери менен жолугары күтүлүүдө.