БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. 31-январь, жума күнү, республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -4...+1, Ысык-Көлдө -3...+2, Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада -2…-4, Ош шаарында -1...+1 градусту көрсөтөт.