"Эхо Евразия-Кинофест" кинофорумуна даярдык кандай?

Sputnik
Бул сапар биз “Стоп Кадр” уктуруусунда 2-5-февраль аралыгында өтчү Эхо Евразия-Кинофест" кинофоруму жана “Евразия-Кыргызстан” коомдук фондунун ишмердүүлүгү тууралуу кеп кылдык. Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чаранын башкы максаты — көрүүчүлөрдү өз өлкөсүнүн тарыхына, салттарына жана маданий баалуулуктарына кызыктыруу. Фестивалдын ачылышы 3-февралда саат 18:00дө "Ала-Тоо" кинотеатрында өтүп, концерттик программа менен коштоло тургандыгы жана кино көрсөтүүлөр акысыз болору эфирде айтылды. Ошондай эле “Евразия-Кыргызстан” коомдук фондунун директору Кымбат Урумкулова аталган кино форум буга чейин Москвада өткөндүгүн, ал эми Бишкекте иш-чара уланып жатканын кошумчалады.