Быйыл жаңы курулган суу сактагычтар пайдаланууга берилет — суугат суу жетишсиздиги чечилеби?

Sputnik
Өлкөдө ирригация тармагын өнүктүрүү толугу менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине өткөнү жатат. Буга чейин 6 миң км канал мамлекеттин балансында болсо, 22 миң км ички айыл чарба каналардары айыл өкмөттөргө карачы. Эми дыйкандарды суу менен министрлик камсыздап калат. Жыл сайын каналдарды, БДР, БСРлерди оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келет. Мындан тышкары жаңы суу сактагычтар курулып, анын үчөөсү быйыл ишке берилгени турат. Суу сактагычтардагы суулар менен дыйкандардын 25 пайыз жерин суу менен камсыздоого кепилдик бар.
Бүгүнкү күндө ичичүү таза суу миңдеген айылдарда жетпейт же системалары эскирип, жаңылоого муктаж экенин Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев айтып берди.