Салык кызматы борбордук аппараттынын жаңы түзүмүн бекитти. Анын жыйынтыгында текшерүү башкармалыгынын функциясы кыскарып, жазалоочу түзүм жоюлду. Бул башкармалык ири бизнеске карата көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүп келген. Түзүмдү жоюуга эмне себеп болду? Салык кызматында коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүп жатат? Санариптешүү салык чогултууга кандай таасир этти?
Ушул жана башка суроолорубузга Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев жооп берди.